Новости

        • Кара-Балтадан дүйнөгө карай...

        • 17/04/2019
        • Адамдар шашып жуманын биринчи куну ишке бара жатышат. Алардын ичинде республикалык олимпиаданын алдынкы орунду алган окуучулар да толкунданып, бугунку боло турган экзаменге шашып бара жатышат. Ал экзамендин жыйынтыгы боюнча алдынкы 5 окуучу,  Израилде боло турган Эл аралык физика олимпиада тайпасына тандалып алынмак. Ошол толкунданып экзаменге кетип жаткан балдардын ичинде, Жайыл Баатыр лицейинин 10- классынын окуучусу Рамил Салихар да  бар болчу. Саат 9:00. Экзамен башталды. Экзаменге коп убакыттан бери даярданып келген окуучулар учун 5 саат билинбей эле отуп кетти. Экзаменден чыккандан кийин окуучулар агайлары менен суроолорду талкуулап жатышты. Фаворит беш окуучу бар эле, билинбей эле 3 саат отуп, дуйнолук олимпиадага тандалган 5 окуучунун аты аталды. Фаворит 5 окуучудан 1 окуучу дуйнолук олимпиадага отподу, себеби алардан да жакшы даярданып келген Жайыл Баатыр лицейинин окуучусу Рамил экинчи орунду ээлеп, Жайыл району боюнча Эл аралык физика олимпиадасына катышуучу биринчи окуучу болуп тарыхга жазылып калды десек да болот. Рамил озунун ийгилиги эмнеде дегенде талыкпастан эмгектенгендикте жана оз ишин аябай жакшы билген агайынын болгонунда деп айтат. Биз эми Рамилге 7-июлдан 15-июлга чейин боло турган IPHO 2019 олимпиадасына ийгиликтерди каалап кетебиз, жана ал жактан дуйнону багындыруусуна ишенебиз.